Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Нарын ардагерлери сөз эркиндигин талап кылышууда


НАРЫН. Нарын шаарынын жүзгө чукул ардагерлери көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына карата жасалган кысымдар токтотулсун деген талаптары жазылган кайрылуусун 2-мартта бийлик бутактырына жолдошту. Анда «МСН, «Республика», «Жаңы ордо» гезиттерин куугунтуктоо, «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн кыскартуу сыяктуу жолдор аркылуу шайлоочулардын маалымат алуу укугу бузулгандыгы жазылган. «Аталган көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтоткула. «Азаттыкты» мурдагыдай көлөмдө уктурууну, экинчиден бийликке жакпаган талапкерлерге карата сот жараяндарын токтоткула. Шайлоонун биринчи айлампасындагы мыйзам бузууларга жол бергендерди жазалап, алардын экинчи турда кайра кайталанбашы үчүн кам көрүлсүн” деп жазылган ал кайрылууда. Бул кайрылуунун бирден нускалары «МСН» жана «Республика» гезиттерине жолдонду.

XS
SM
MD
LG