Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Бейөкмөт уюмдар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда


БИШКЕК. “Жаңы үй” бейөкмөт уюму жана “Нагима” кайрымдуулук корунун өкүлдөрү 2-мартта маалымат жыйын өткөрүшүп, Бишкектеги №3 Гагарин округундагы шайлоо жараксыз деп жарыя кылышты. Алардын айтымында, айрым талапкерлер тарабынан шайлоо өнөктүгү учурунда Шайлоо кодекси одоно бузулуп, аталган округда шайлоочуларга акча, көмүр таратылып, добуш берүүгө үгүт иштери жүргүзүлгөн. Кээ бир участоктордо паспорттук каттоосу жок шайлоочулардын тизмеси катталган. Бул тууралуу көз карандысыз байкоочулар Ленин райондук сотуна арызданышканда, сот алардын арызын кароодон баш тарткан. Байкоочулар №3 Гагарин округундагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген өтүнүч менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Ал эми ушул эле округдан талапкерлигин көрсөтүп, 26-февралда Жогорку Сот тарабынан шайлоодон четтетилген Абдыраим Кулбаевдин тарапкерлери Жогорку Сот чечимин жокко чыгарбаса, 3-мартта пикетке чыгаарын билдирип, 2-мартта мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG