Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Арменияда чылым чегүүгө каршы күрөш башталды


Арменияда чылым тартууну жана тамекини жайылтууну чектеген мыйзам күчүнө кирди. Мыйзам парламент Дүйнөлүк саламаттык уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча келишимин бекиткенден кийин кабыл алынды.
Мыйзам тамекини маданий-спорттук, билим берүү борборлорунда, ооруканаларда, транспорттун түрлөрүндө жана жаш балдарга чылым сатууга тыйуу салат. Чылымды кафе-ресорандардын атайын бөлүнгөн жайларында гана тартууга уруксат.
Жаңы заң никотини жана чайыры Армения өкмөтү чектегенден ашып кеткен тамекинин түрлөрүн сатып келүү, сатуу жана чыгарууга да тыйуу салат.
Дүйнөлүк саламаттык уюмунун билдиришинче, Армения чылым чегүү боюнча КМШда биринчи орунда турат.

Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG