Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Ооганстанда “маң заттарынын өлкөсүнө” айлануу коркунучу күчтүү


БУУнун маң заттарын көзөмөлдөө кеңешинин жылдык докладында 2004-жылы Ооганстанда апийимден героин өндүрүү талип өкмөтү кулагандан бери аябай өскөнү, маң заттарын мыйзамсыз өндүрүү демократиянын жана экономиканын өнүгүүсү үчүн “олуттуу” коркунучка айланганы белгиленет.
Ооган жеринде өндүрүлгөн апийимдин көбү коңшу өлкөлөр аркылуу Россияга жана Европага жөнөтүлгөн.
Докладга караганда, Чыгыш Европа жана мурдакы советтик республикаларда героинди пайдалануу өскөн, Россия Европадагы эң чоң героин базарына айланса,
АКШ маң заттардын дүйнөдөгү эң чоң кара базары бойдон калган.

XS
SM
MD
LG