Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Грузия чек арасын Евробиримдиктин жардамы менен көзөмөлдөөнү каалайт


Грузия Евробримдикке кайрылып, Грузия-Орусия чек арасын көзөмөлдөөгө жардамдашууну өтүндү.
Кайрылууну жасагандан кийин, Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили айым Брюсселде “Азаттыктын” кабарчысына мындай деди:


– Биз муну талап кылабыз. Биз Россия уруксат бербей койгондон бери ЕККУнун чек ара көзөмөлдөө операциясын жаңылоо үчүн бардык мүмкүн болгон жолдорду карап көрдүк. Биз, албетте, эң алды россиялыктар вето укугун колдоно албачу жана карама-карышылыкты жаратпоочу уюмду издедик. Евробримдик ал үчүн абдан ылайыктуу уюм.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУнун чек ара көзөмөлдөө миссиясы- былтыр декабрда Орусия “террорчуларды ” чек арадан өткөзрүүдө деп күнөөлөп, анын мөөнөтүн узартпай койгондон кийин токтотулган.

XS
SM
MD
LG