Кошмо Штаттары жана анын союздаштары Сириядан аскерлерин Ливандан чыгарып кетүүнү жана Ливандын ичине кийлигишүүнү тез токтотууну катуу талап кылууну күчөтө баштады.
АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Британ телевидениесине берген интервьюда, Сирияны Жакынкы Чыгыш элдеринин жакшы жашоосуна “бөгөт” болууда деп сындады:
– Сириянын бөгөт болуп жатканы ачык болууда. Сириянын саясаты жана Сириянын жүрүм туруму Жакынкы Чыгыштагы элдердин байдөөлөт жашоосуна, демократиялык келечегине тоскоолдук кылууда.
Кондолиза Райс Сириянын коопсуздук кызматынын Ливандагы операциясына, Сириянын Ирактагы адаватчыларды жана анти-израилдик согушчандарды колдогонуна да көңүл бурду.
Мамкатчы Райс жана Франциянын тышкы иштер министри Мишел Бэрнар БУУнун Коопсуздук Кеңешин Сирияны Ливандан чыгарып кетүү талабын жактаган кайрылуу жасашты.
Сириянын президенти Башар Асад “Тайм” журналына берген интервьюда, ырасмий Дамаск 14 миң аскерин Ливандан жакынкы айларда чыгарып кетиши мүмкүн экенин айтты. Бирок, Ливандын коопсуздугу жана Сириянын чек арасы корголушу зарыл деди Ассад.