Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Төрт участок боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


ОШ. №48 Достук шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан талапкер Полот Төлөнов 39 пайыз, ал эми Даврон Сабиров 54 пайыз шайлоочулардын добушун алып жеңүүчү деп табылган. Андан соң талапкер Полот Төлөновдун жекече айыптоо арызынын негизинде төрт шайлоо участкасындагы Даврон Сабировдун алган добуштары кайра каралып, натыйжада аталган участкалардагы шайлоонун жыйынтыктарын бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев жогорудагыдай чечимдин кабыл алынышына талапкер Даврон Сабиров тарабынан жол берилген одоно мызам бузуулар себепчи болгондугун билдирди. Округдук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы болгон Даврон Сабиров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогондугун кабарлады. 3- мартта шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде эки талапкердин тең жактоочулары пикетке чыгышып, эки тарап тең өз талапкерлеринин кызыкчылыгын коргошту.

XS
SM
MD
LG