БИШКЕК. Коңшулаш Өзбекстандын тартип коргоо кызматкерлери кыргыз-өзбек чек арасына өзбекстандыктар тарабынан көмүлгөн жардыргыч заттарды тазалоо аракетин башташты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, өзбекстандыктар эки өлкө чектешкен Шахимардан анклавындагы чек ара сызыгына көмүлгөн миналарды толук түрдө тазалап бүтүштү. Өзбекстан бийлиги кыргыз-өзбек чек арасына миналарды 1999-жылы коңшулаш өлкөлөрдөн согушкерлер кирип келүү коркунучун алдын алуу максатында көмгөн. Андан бери өзбек тарап көмгөн минадан кыргыстандык эки жаран набыт болуп, үч атуул жарадар болгон.