Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

АКШ сенатору Тажикстан менен Кыргызстандагы шайлоону сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөн парламенттик шайлоонун тыянактары эки өкмөт демократиянын идеяларына берилгендигин далилдей алган жок. Кыргызстандагы көз карандысыз басма үйүнүн байкоочулар кеңешинин башчысы, АКШ сенатору МакКейн ушундай мазмундагы билдирүү жасады. Бул эки өлкө мындан ары амалкөйлүккө бара албайт деп айтылат билдирүүдө. МакКейн Тажикстан менен Кыргызстан идеалдар менен принциптерге чексиз бийлигин эске алып, АКШ бул эки өлкөгө мамилесин кайра кароо зарылдыгын белгилеген. Шайлоо алдында Кыргызстанга келип кеткен МакКейн өз билдирүүсүндө шайлоого байкоо салган ЕККУ миссиясынын отчетун эске алган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул отчетту калыс эмес тыянак катары баалаган билдирүүсүн 1-мартта жарыялаган.

XS
SM
MD
LG