Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Баллидеги террорго тиешеси бар делген молдо түрмөгө кесилди


Индонезияда сот бүгүн Абу Бакр Башир молдону 2002-жылы Балиде болгон бомба чабуулуна катыштыгы бар деп эки жарым жылга түрмөгө кести. Ал окуядан 202 адам набыт болгон.
Башир молдодон бир катар башка олуттуу айыптоолор кайра алынды. Буга чейин тергөөчүлөр дал ушул динаятчыны Балидеги террор актысын жана Жакартадагы Мариотт мейманканасынын маңдайында болгон жардырууну уюштурган болушу мүмкүн деп шектеп келишкен.
Прокурорлор Башир молдону 8 жыл түрмөгө кармаш керектигин талап кылып, ал Ал-Каида менен тыгыш байланышта турган террор уюмун жетектейт дешкен.
Бирок сот аны эки жарым жылга эркинен ажыратты. Муну Баширдин колдоочулары сот жараяны өткөн жерде сүйүнүч менен тосуп алышты.

Америкалык жана австралиялык чиновниктер Баширди мынчалык аз убакытка түрмөгө кескен соттун чечимине көңүлү иренжигенин айтышты. Балидеги карасанатай террор актысынан 90 австралиялык турист көз жумган.

XS
SM
MD
LG