НАРЫН. Демократияны колдоо маалымат борборунда жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, журналисттер, көз карандысыз байкоочулар, ардагерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү 4-мартта жолугушуп, 27-февралда болгон шайлоодогу мыйзам бузууларды, кемчиликтерди, алдыдагы шайлоонун экинчи айлампасында кайталанбаш үчүн кандай аракеттерди көрүү керектиги жөнүндө сөз кылышты. “Тегерек үстөлгө” катышкандардын айтымында, бюллетен салчу үкөк тунук болсо эле, шайлоо тунук өткөн жок. Шайлоо күнү мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерин жүргүзүп жүрүштү. Айрым участоктордо бармакка белги коюу болгондугуна карабай, экиден добуш бергендер болду. Мындай мыйзам бузуулар болбошу үчүн облус бийлиги менен бирдиктүү иш алып баруу, анүчүн алгач губернатор коомчулуктун өкүлдөрүн кабыл алсын деген мазмундагы кайрылуу кабыл алынды.