Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Президентти колдоочулар кол топтоону улантууда


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин президенттик кызмат мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартууну колдогон атуулдардын чогулган колу 210 миңге жетти. Мындай маалымат Акаевдин президенттигин узартуу демилгеси менен түзүлгөн «Элим менен,элим үчүн» коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаевден 4-мартта алынды. Анын билдирүүсү боюнча, ушул жума аягына чейин Таластан 10 миң, Ысыккөлдөн 20 миң, Чүйдөн 5 миң, Бишкектен 10 миң адамдын койгон колдору алынат. Андан кийин коомдук фонд май айында референдум өткөрүү талабы менен 15-мартта Борбордук Шайлоо комиссиясына жана элге кайрылуу жолдойт.

XS
SM
MD
LG