БИШКЕК. АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы элчиси Пол Жоунс 3-мартта Кыргызстандын бийлигин көз карандысыз басмаканага электр жарыгын берүүгө жана «Азаттык» радиосунун уктурууларын мурунку калыбында обого чыгарууга чакырды. Пол Жоунс мындай билдирүүнү ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында жасап, парламенттик шайлоого бир нече күн калганда болгон бул окуялар Кыргызстандын демократиялуу шайлоо өткөрүү жана сөз эркиндигин жактоосуна күмөн саноону пайда кылаарын билдирди. Шайлоо алдында ар кыл багыттагы маалымат алуу шайлоочулардын эркин тандоосуна жол ачат деген АКШ элчиси шайлоонун 13-мартта боло турган экинчи айлампасына чейин көз карандысыз басмаканага электр жарыгын тезинен берип, «Азаттык» радиосу мурунку калыбында уктурула баштаса, анда кыргыз бийлиги өзүнүн сөз эркиндигин жактоосун көрсөтө алаарын белгиледи.