Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Украинада мурдагы ички иштер министри тындым болду


Юрий Кравченко, алгачкы дастаниянын маалыматтарына караганда, өз жанын өзү кыйган шекилденет. Экс-министрдин сөөгү Киевге чукул жердеги дачасынан табылды. Президент Виктор Ющенко бул ишти кылдат иликтеп чыгууну башкы прокуратурага табыштады. Мурдагы министр Кравченко бүгүн журналист Гонгадзенин ишине байланыштуу башкы прокуратурага суракка чакыртылган эле. Ушундан улам Ющенко ар бир киши өз жазмышын өзү тандап алганга – сот жана тергөө менен кызматташып, көрсөтмө бергенге, сотто өз укугун жана ар-намысын коргогонго же болбосо өзүн-өзү соттоп, өзүнө өкүм чыгарганга – акылуу, деп айтты.

XS
SM
MD
LG