Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ЭЛЕКТР КУБАТЫ КАЧАН КЫМБАТТААРЫ БЕЛГИСИЗ


Сапар Орозбаков, Бишкек Ушул жумада айрым массалык маалымат каражаттар 1-апрелден тартып электр энергиясынын тарифи 15% көтөрүлөт экен деген маалымат таратты. Энергетика боюнча агенттик болсо бул маалыматты төгүндөп жатат.

Электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт экен деген маалыматты ушул жуманын башында «Кабар» агенттиги жазып чыккан болчу. Аталган агенттиктин билдиришинче, дүйшөмбү күнү болуп өткөн Чет өлкөлүк ишкерлер кеңешинде Эл аралык валюта корунун Бишкектеги өкүлү кыргыз өкмөтү быйыл апрелде тарифти 15% көтөрүүгө убада бергендигин айткан.

Анын чын-төгүнүн сурап Энергетика боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылсак, ал мындай маалыматты жокко чыгарды. Агенттиктин директору Салайдин Авазов буга чейин да бир нече жолу тариф көтөрүлөт экен деген имиш сөз чыгып, ал көтөрүлбөгөндүгүн, азыр да ошондой эле жалган маалымат кетип жаткандыгын билдирди:

- Эми биринчи апрелден деп жатышат. Азырынча биз бул тууралуу эч кандай чечим алган жокпуз. Ал маалымат жалган маалымат, - деди Салайдин Авазов.

Бирок агенттиктин директору тариф көтөрүлбөйт деген менен азыркы эки тепкич тарифтен бир тепкич тарифке өтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын мойнуна алды:

-Эки тепкич тариф ачык-айкын тариф эмес экен, айрыкча айыл жерине татаал борлуп, коррупцияга мүмкүнчүлүк берет экен деген арыздар мага көп түшүп жатат. Жөнөкөй эле бир тариф кылбайсыңарбы деп айтып жатышат. Биз азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз,-деди Салайдин Авазов.

Азыр эл 150 квт саат электр энергиясы үчүн 43 тыйындан, андан ашса 80 тыйындан төлөйт. Айрым адамдар өкмөт бир тарифке өтөбүз деген шылтоо менен байкатпай тарифти көтөрүп коет деп шек санашат. Алардын айтымында, бир тарифке өткөндө орто эсеп жүргүзүүгө туура келет. Өкмөт болсо мындан пайдаланып, аны каалагандай коюп алышы мүмкүн:

- Муну байкатпай көбөйтүп коюшу мүмкүн. Анткени агенттиктин директору Авазов «ушуну бир тариф кылып коелу деп жатабыз, орточо эсеп менен 60 тыйын болот экен» деп бир жолу келген болчу, –дейт депутат Орозбек Дүйшеев.

Өкмөт ал бирдиктүү тарифке качан өтүүнү пландаштырып жатат деп сураганыбызда:

- Азырынча эч нерсе айта албайм, -деди Салайдин Авазов.

Эл аралык валюта кору менен дүйнөлүк банк электр энергиясынын тарифи аны өндүрүүгө жана керектөөчүлөргө ташып жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жаппай жаткандыгын белгилеп, аны көтөрүүнү кыргыз өкмөтүнөн көптөн бери талап кылып келишет.

Өткөн жылы күзүндө Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы дагы өзүнүн жылдык отчетун жарыялап жатып, тарифти көтөрүү зарыл экендигин баса белгилеген болчу. Жыйынга катышып отурган өкмөт мүчөлөрү энергетикадагы маселени тариф көтөрүү жолу менен чечүүгө мүмкүн эмес экендигин айтышкан. Алар тариф көтөрүлсө эл акча төлө алышпай, жалпы жыйналган акчанын көлөмү көбөйбөй эле аз болуп калат экен дешкен болчу.

Мындай жоопко банктын өкүлдөрү ынанышкан эмес. Алар төлөй албаган жакыр адамдарга жардам көрсөтүлсө дагы, өкмөт тарифти көтөрүүдөн баш тартпашышы керек экендигин айтышкан:

- Донорлор тарифтин көтөрүлүшүнөн чоң зыян тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө даяр, –деген болчу Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын башкы экономисти Жозе Карбаджо.

XS
SM
MD
LG