Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Өкмөт башчы экс-талапкерлерди эл арасына жик салбоого чакырды


БИШКЕК. 5-мартта премьер-министр Николай Танаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөт башчы 27-февралдагы шайлоодо тиешелүү добуш топтой албай калган айрым талапкерлер элди көтөрүп митинг, пикет өткөрүп коомдогу туруктуулукту бузууга аракет кылып жатышканын билдирди. Анын айтымында, автожолдорду тосуп, административдик жайларды ээлегендердин келтирген чыгымдары эсептелип, күнөөлүлөр жазага тартылат. Айрым жерлерде автожолдордун эл тарабынан буулушу экономикалык жактан жана инвесторлорду тартууга терс таасирин тийгизүүдө. Премьер-министр шайлоодон утулган талапкерлерди элди козутуп көтөрбөгөнгө, коомду башаламандыкка алып келбегенге чакырды.

XS
SM
MD
LG