Бишкек. 5-мартта Ош облусунун Каракулжа райондук администрациясынын алдына Жогорку Кеңешке №36 Каракулжа шайлоо округу боюнча талапкер Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары чыгып, нааразылык акциясын улантышты. Чотоновдун ишенимдүү өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча, пикетке бул күнү 500гө жакын адам чыкты. Ал эми райондун тартип коргоо органдарынын маалыматтары боюнча нааразылык акцияга 100гө жакын адам катышты. Пикетчилер 27-февралда Каракулжа шайлоо округундагы бир нече шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда.