Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

Р. Отунбаеванын үйүндөгү жардырууну бийлик чагым катары баалайт


БИШКЕК. «Атажурт» саясий кыймылынын тең төрайымы, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын үйүнө ким тарабынан жардыруу уюштурулгандыгы такталды. Бул тууралуу 5-мартта президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков маалымдады. Анын айтымында, Отунбаеванын үйүнө жардыруунун уюштурулушу оппозиция тарабынан жасалган кезектеги чагым. Жанузаков билдиргенге караганда, бул окуяга тиешеси бар адамдар такталды, бирок азырынча кармала элек. Бул ишти ички иштер жана атайын кызматтар тарабынан териштирүү улантылууда. 3-мартта эртең мененки саат 5ке жакын Роза Отунбаева жашаган көп кабаттуу үйдө жардыруу болуп, андан Отунбаеванын батиринин жана турак үйгө кире бериштин терезелери талкаланган. Роза Отунбаева бул окуяны ырасмий бийликтин оппозицияга карата чабуулу катары баалаган.

XS
SM
MD
LG