Бишкек. Кыргызстандагы оппозиция митинг, пикеттерди өздөрүнүн куралына айлантып алып, алар пикетчилерге акча төлөп берип жатат. Мындай пикирин 5-мартта президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков «Кабар» маалымат агенттигинде билдирди. Анын айтымында, жер- жерлерде оппозиция 500-600гө чукул адамды пикет, митингдерге алып чыгып жатат, бирок кандай түстөгү болбосун төңкөрүштөргө эл жол бербейт. Жанузаковдун маалыматы боюнча, 5-мартта Жалалабат шаарында нааразылык акцияга 500гө жакын адам чыкты, ал эми Жалалабат облустук администрациясынын имаратында 50гө жакын гана аял отурат, акимчиликтин иши үзгүлтүккө учураган жок. Ушул эле күнү Жалалабат облусунун губернатору Жусупбек Шарипов «Азаттыктын» кабарчысына администрациянын имараты пикетчилер тарабынан ээленгенден кийин кызматкерлер алынып чыккандыгын билдирди:
- Булар облустук администрацияны алгандан кийин, облустук бийликтин иштерине терс таасирин бере баштады. Бүгүн экинчи жолу имаратка киргенден кийин ал жердеги кызматкерлерге зыян келтириши мүмкүн деп, аларды ал жерден алып чыгып кетүүгө биз мажбур болдук, - деди губернатор Жусупбек Шарипов.