Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте Ленин райондук сотунун алдында пикет өттү


БИШКЕК. 5-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунун алдынlа №3 Гагарин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдирейим Кулбаевдин 400 чукул жактоочулары пикетке чыгышты. Алар таза жана акыйкат шайлоону, Кулбаевдин талапкерлигин калыбына келтирүүнү талап кылышкан плакаттарды көтөрүп турушту. Пикетчилер аталган райондук соттон Камчыбек Жолдошбаевдин үстүнөн жазылган доо арызды оң чечилишин талап кылышты. Аталган округдан талапкерлигин койгон Токтоайым Үмөталиева, Любовь Комиссарова жана Валерий Лян дагы бир талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин үстүнөн “шайлоодо добуштарды сатып алган” деген кине менен Ленин райондук сотуна арыз жолдогон. Бирок райондук сот алардын арызын 5-мартта канааттандырган жок. Чогулган эл Жогорку Сотко кайрылаарын, маселе акыйкат чечилбесе нааразылык акциясын улантышаарын билдиришти.
XS
SM
MD
LG