БАКЫ. Азербайжандын укук органдары журналист Эльмар Гусейновдун кимдер тарабынан жана кандайча өлтүрүлгөнүн көргөн-билгендерге жардам сурап кайрылды. "Монитор"деген көз караанды эмес басылманын журналисти Гусейнов мындан үч күн мурда үйүнүн жанында ок жеп, курман болгон. Ага чейин ал өкмөттү кескин сынга алган макаларады жарыялаган эле. Өлкөнүн баш прокуратурасы, Ички иштер министрлиги жана Коопсуздук кызматы анын өлүмүндө күнөөлүү адамдарды таап, мыйзамду жазага тартууга убада берип жатышат. Азери оппозициясы Гусейновдун өлүмүнө бийликтердин катышуусу бар деп эсептейт.Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Гусейновдун өлтүрүлүшү демократияга көлөкө түшүрдү, деп айыптап бул кылмышты тез арада иликтеп, ачууга буйрук берди.
Азербайжандын бийликтери Эльмар Гусейновдун өлтүрүлүшүнө байланышкан кышмышты иликтөөгө жардам берүүсүн суранып калкка кайрылды