Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Пакистандын президенти иш визит менен Өзбекстанга жана Кыргызстанга жөнөп кетти


ИСЛАМАБАД. Пакистандын президенти Первез Мушараф Өзбекстан жана Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн беш күндүк иш визит менен жөнөп кетти. Сапарга чыгаар алдында Мушараф журналисттерге бул жумурияттардын Пакистан менен орток кызыкчылыктары бар экенин белгилеп, Борбор Азиянын аталган эки өлкөсү тышкы дүйнө менен соода кылууну көздөп жатышканын, ал эми мындай сооданын үлкөн жолу Пакистан аркылуу ачыла турганын айтты. Мушарафтын айтымында, визит учурунда террорчулукка каршы күрөшүүдө кызматташуу маселеси талкууга алынат. Мушараф адегенде Өзбекстанга андан соң Кыргызстанга барат.

XS
SM
MD
LG