Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Жалал-Абадда шайлонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг уланууда


БИШКЕК. Кечээ Жалал-Абад шаарында облакимчиликтин имаратына кирип алышкан митингчилер нааразылык акциясын улантып жатышат. Алар өткөн шекшембидеги парламеттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. 50гө жакын киши өткөн түндү акимчииликтин имаратында, дагы 150 дөй киши акимчиликтин айланасындагы тротуарларда өткөрүштү. Борбордук аянтта чогулган 2 миңден ашуун киши жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президент Аскар Акаевдин отставкага кетүүсүн талап кылып жатышат.
Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Борис Полуэктов Ройтер кабар агенттигине берген маалыматында, массалык митингдерге тамызгы койуу үчүн оппозиция токмок жегиси келип жатат, деп билдирди. Ал ошондой эле котологон эл наарызылык митингдерге чыкканы үчүн акча алып жатат, деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG