Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Нарында шайлоочулар нааразылык чарасын өткөрүштү


НАРЫН. Депутаттыка талапкер Ишенбай Кадырбековдун жактоочуларынын мындай кадамга барууларына № 33 округдук шайлоо комиссиясынын 5-март күнү кечинде чыгарган токтому себеп болгон. Бул токтом экинчи бир талапкер Карганбек Самаков тарабынан округдук комиссияга жергиликтүү «Алмаз-Нарын» радиостанциясы жалган маалымат таратып, Ишенбай Кадырбековдун өкүлү мыйзамсыз иш аракет жүргүздү деген арыз 3-мартта түшкөн арызынын негизинде чыгарылган. Аймактык комиссия арызды 5-мартта карап, жыйынга катышкан комиссия он үч мүчөсүнүн сегизи талапкер Ишенбай Кадырбековдун талапкерлиги каттоодон алынсын деп кол коюшкан. Мындай кабардан соң 6-мартта Нарын шаарындагы борбордук аянтка эки миңге жакын эл топтолуп митинг өткөрүп жатышса, Нарын районундагы Карачий айылынын жанындагы Акмойнок деген жерде бир миңге жакын адам Бишкек-Торугарт жолун бөгөшүп, Кочкор тараптан келе жаткан губернатор Шамшыбек Медетбековду жана Нарын районунун акими Рысбек Шалтаевди кармап алышты. Бир аз убакыт өткөн соң пикетчилер бийлик өкүлдөрүн койо беришти.

XS
SM
MD
LG