Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Стамбул шаарынын полициясы демонстранттарды таратуу үчүн күч колдонду


Үч жүздөй адам уруксат берилбеген демонстрацияга 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүн белгилөө максатында чыккан. Полиция адегенде аларды тынч тарап кетүүгө чакырды. Демонстранттардын көпчүлүгү өкмөттүн саясатын айыптаган сөздөрдү кыйкырып, аялдар үчүн эркектердики менен бирдей укуктар берилишин талап кылган соң полициянын айтканына моюн сунду. Бирок 100дөй демонстрант кетпей койгон кийин полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим таяктарды колдонууга барды. Жаракат алгандар жөнүндө маалымат түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG