Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Бакубада кеминде 10 адам ажал тапты


Полициянын жана дарыгерлердин билдиришинче, Багдаддан түндүктөгү Бакуба шаарында кеминде 10 полициячы жана аскер ажал таап, 20 чактысы жараат алды. Полиция полковниги Мудхафар ал-Жуббори билдиргендей, бүгүнкү чабуулдарда бир жерде машина, үч жерде жол боюна коюлган бомба жарылды, эки көзөмөл бекетине кол салуу болду. Анын аралыгында Иракта иордандык ишкер уурдалганы маалым болду. Барымтачылар аны бошотуу үчүн 250 миң доллар талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG