Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Молдовадагы шайлоодо коммунисттер өз таасирин сактап калышты


- Кечээки шайлоо жалпысынан эл аралык стандарттардын чегинде өттү, - деп билдирди ЕККУнун Молдовадагы байкоочулар миссиясынын жетекчиси Киммо Килжунен Кишиневдо жасаган билдирүүсүндө.

Бирок ал шайлоо өнөктүгү мезгилинде айрым кемчиликтер кеткенин белгиледи.

Парламенттик шайлоодо Молдованын бийликтеги Коммунисттик партиясы олуттуу жоготууга учурап, бирок парламенттеги көпчүлүк мандаттарын сактап калды.

Ырасмий жыйынтыкка ылайык президент Владимир Воронин жетектеген коммунисттер добуштардын 46 пайызын алышты. Борборчул «Демократиялык Молдова блогу» добуштардын 28 пайызына, ал эми Христиан-демократтар тогуз пайызга ээ болушту. Молдова парламентинде 101 орун бар.

XS
SM
MD
LG