Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Пикетчилер Токон Шайлиеванын отставкасын талап кылышты


КАРАКОЛ. Пикетчилер Каракол шаарындагы Жусуп Абдрахманов, Токтогул көчөлөрүнө чыгышып, «облустун губернатору Токон Шайлиева бийликтен кетсин!», «Губернаторго жол жок!», «Шайлоо адилеттүү жана калыс өткөн жок!» деген плакаттарды көтөрүшүп, Шайлиеванын кызматтан кетишин талап кылышты. Алар облустун губернатору ээлеген кызматтан четтетилгенден кийин башка талаптарды коюшарын билдиришти. Пикетчилердин пикиринде шайлоо калыс өткөн жок, бийликти жактаган талапкерлер гана каалагандай добушка ээ болушту. Облустук акимчиликтин төрт тарабын милиция курчап, пикетчилерди борбордук аянтка кийришкен жок. Нааразычылык акциясынын катышуучулары алар тарабынан коюлган талаптар аткарылмайынча акцияны уланта беришээрин билдиришти. Ошого карабай түштөн кийин пикетчилер тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG