Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Карачийде нааразылык чаралары уланууда


КАРАЧИЙ. Нааразы шайлоочулар эртең мененден баштап тосулган Бишкек-Ош жолунда токтоп турган 100дөн ашык автоунаага жол ачышты. Буга Кадырбековдун «мыйзам бузбагыла» деген суранычы менен негиз берди. Жергиликтүү байкоочулардын баамында күндүз элдин саны 1000ге жеткен. Кечке маал алардын саны 500гө азайган. Бир боз үй тигилип турат. Абышка-кемпирлерди, үйүндө эмчектеги баласы бар аялдарды үйлөрүнө кетирип, ошол жерге кароолчу катары өңчөй жигиттер калышкан. Алар сотко, бийликке ишенбестигин, буга чейинки чечимдери ушундай бүтүм чыгарууну шарттап жатканын билдиришти. Алардын айтымында, эгер Кадырбековдун укугун калыбына келтирип беришпесе, алар Кадырбековдун эмес, ириде өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн нааразылык акцияларын улантаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG