Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Шайлоочулар райондук бийликтин имаратына кирип алышты


ӨЗГӨН. 7-март күнү парламенттик шайлоонун акыйкатсыз өтүп жаткандыгына нааразы болгон миңге жакын адам Өзгөн райондук акимчилигинин имаратын ээлеп алышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары мамлекет башчысы Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишин талап кылышууда. Өзгөн районунун ар кайсы айылдарынан чогулган адамдар акимчиликти ээлеп, аким Баатыр Тойчиев баш болгон мамлекеттик кызматкерлердин баарын жумуштарын токтотуп чыгып кетишин талап кылышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары шайлоонун акыйкатсыз өтүп жаткандыгына кыжырданып жатышкандыгын билдиришти. Чогулгандардын көпчүлүгү алардын мындай кадамга барышына турмуштун оордугу, шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатышы жана бийликтин кайдыгерлиги себеп болуп жатышканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG