Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Бишкекке Пакистандын президенти келди


БИШКЕК. 7-март күнү кечинде Бишкекке ырасмий сапар менен Пакистан ислам республикасынын президенти Первез Мушарраф келди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча ушул эле күнү Аскар Акаев Первез Мушаррафтын урматына сый тамак уюштурду. Пакистан менен Кыргызстандын президенттери 8-мартта кең-кесири сүйлөшөт. Анын соңунан Мушаррафты премьер-министр Николай Танаев кабыл алат. Жолугушууларда экономикалык карым-катыш башкы маселе катары талкууланат. Шейшемби күнү түштөн кийин Мушарраф Ош шаары аркылуу Пакистанга учуп кетет.

Пакистандын президенти Бишкекке Ташкент аркылуу келди. Россиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен жолугушуу учурунда Мушарраф Пакистандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу ниети барын билдирип, ага колдоо көрсөтүүнү Өзбек президентине сунуштады.

XS
SM
MD
LG