Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Талас шаарындагы стадиондо чоң жыйын өттү


ТАЛАС. Аялдардын эларалык майрамына арналган салтанатты биргелешип өткөрүүнү депутаттыкка талапкерлер Болот Шерниязов менен Равшан Жээнбеков өз атаандаштарына, ошондой эле жергиликтүү аткаруу бийлик өкүлдөрүнө сунуш кылышкан. Бирок сунуш колдоо таппаганын 8-март күнү өткөн жыйын ырастады. Бир да оруну бош калбаган стадионго топтолгон элди куттуктоого шаардык мэриядан да, облустук администрациядан бир да өкүл келген жок. Чогулгандарды майрамы менен Равшан Жээнбеков жана Болот Шерниязов гана куттуктап сөз сүйлөштү. Кыргыз эстрада жана театр өнөрүнүн, улуттук фольклор жанрынын артистери чогулгандарга чоң программадагы көңүл ачуу оюн-тамашасын сунуш кылышты. Ал эми облустук администрациянын атын атабоону өтүнгөн жооптуу кызматкеринин билдиргенине караганда, бийлик аялдардын эларалык майрамын 6-март күнү отузга жакын тандалма айымдарды чакыруу менен эле өткөрүп койгон.

XS
SM
MD
LG