Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Кант аба майданы күчөтүлөт


БИШКЕК. Кант шаарындагы орус авиабазасына кошумча дагы аскерий учактар алынып келинет. Бул тууралуу 7-мартта Орусиянын аскердик аба күчтөрү менен абадан коргонуу күчтөрүнүн 5-армиясынын башчысы Евгений Юрьев билдиргендигин «Интерфакс» агенттиги кабарлады. Бирок анын айтымында ага чейин учуп-конуучу тилке кеңейтилип, узартылып, эски жабдуулар жаңыртылат. Азыр Кант авиабазасына Санкт-Петербург шаарынын ишкерлери менен бийлиги жардам көрсөтүп, медициналык жана балдардын эс алуучу жайы салынды. Азыр авиабазада 500 аскер кызматкери, СУ-27 жана Су-25 тибиндеги 10 учак, Ил-76 тибиндеги 6 жүк ташуучу самолет жана ар кандай маркадагы тогуз учак жана тик учмалар бар. Орусия 2003-жылы 79 миллион, кийинчерээк 219 миллион рубль бөлгөн. Ал эми жылыга авиабаза үчүн 130 миллион рубль бөлүп турат.

XS
SM
MD
LG