Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Накен Касиевдин арызы сотто каралат


БИШКЕК. Атбашы райондук соту №32 Атбашы шайлоо округу боюнча талапкер болгон Накен Касиевдин доо арызын 10-мартта карайт. Мындай маалымат 8-мартта Накен Касиевден алынды. Анын айтымында, сотко берилген арызга добуш берүү маалында байкалган мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн 100дөн ашык протокол тиркелген. «Эгер сот алардын бирөөнү эле адилет карай турган болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болуп бере алат»,-дейт Касиев.

Ал протоколдордо добуш берүүгө чейин шайлоочуларга 500 сомдон, добуш берип чыккандан кийин 200 сомдон акча таркатылганы жана ага чейин да добуш сатып алуу аракеттери болгону жөнүндө маалыматтар бар.

5-марттан бери Атбашы районунун аймагында Накен Касиевдин талапкерлигин колдоп күнүгө 500-600 адам нааразылык пикеттерине чыгып жатышат. «Мен аларды катуу чараларга барбашы үчүн соттун чечимин күтүүгө үндөп жатам»,-деди Накен Касиев. Ал эми округдук комиссиянын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протколго кол койбой койгон тогуз мүчөсүнүн экөө өз арызы менен мүчөлүктөн баш тартып, жетөө кол коюуга макул болгон жок. Ушундан улам округдук комиссия добуш берүүнүн жыйынтыгын алигиче беките элек.

XS
SM
MD
LG