БИШКЕК. Пакистандын Кыргызстанда ырасмий визит менен жүргөн президенти Первез Мушарраф 8-мартта президент Аскар Акаев менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган төрт макулдашууга кол коюлду. Алар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандум, билим берүү тармагындагы байланыш, эки өлкөнүн дипломаттары менен кызматтык сапарга чыккан кызматкерлерине визасыз катнашка уруксат берүү жана «Кабар» улуттук агенттиги менен Пакистандын Маалымат министрлигинин ортосунда маалымат алмашуу жөнүндөгү макулдашуулар.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев электр энергиясын экспорттоого даяр экендигин, ал эми Первез Мушарраф электр энергиясын сатып алууга даяр экендиктерин билдиришти.
Мушарраф менен жолугушуу маалында кыргыз өкмөт башчысы Танаев Кыргызстан 10-мартта өлкө түштүгү менен Тажикстанды туташтырган көпүрө ачаарын жана ал Пакистанга электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирди. Николай Танаев андан тышкары Кыргызстан Пакистанга энергияны Кытай жана Тажикстан, Ооганстан аркылуу сатууга боло тургандыгын айты.