Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Каракулжадан Ошко жөө жүрүш башталды


БИШКЕК. 8-мартта Каракулжа районунан 300дөй адам Ошко карай жол алышты. Алардын эки жүздөйү жөө жүрүшкө чыгышса, калгандары автоунаалар менен облус борборуна бет алышты. Акыркы маалыматтар боюнча алар ушул эле күнү Өзгөнгө жетишти. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов билдирди. Анын айтымында, жолго чыккан эл президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылууда. Жөө жүрүшкө чыккандар менен шейшембиде «Атажурт» кыймылынын лидерлери Роза Отунбаева, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев жолугушту. Өзгөндө болсо 500дөй адам райондук администрациянын ичинде турат.

XS
SM
MD
LG