Украин президенти Виктор Ющенко эртең канцлер Герхард Шрөдөр менен жолугуп, немец парламентинин төмөнкү палатасы –Бундестагда сөз сүйлөйт. Украин лидери Германиядагы сүйлөшүүлөрдө өз өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен НАТОго кирүүсүнүн зарылдыгына басым жасамакчы.