Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Мадридде террорго каршы күрөш боюнча эл аралык конференция өтүүдө


Бүгүн башталган конференция жума күнгө чейин созулат. Анын ишине 50дөй өлкөдөн өкмөт жана амамлекет башчылар, анын ичинде БУУнун башкатчысы Кофи Аннан, ооган президенти Хамид Харзай жана180дей эксперт катышып жатат. Форумда терроризмдин пайда болушунун саясий, экономикалык, диний себептери жана аларды жоюунун жолдору талкууланмакчы. Конференция былтыр Мадридде 191 адамдын өмүрүн алган террактын бир жылдыгына тушташ өткөрүлүүдө. Мадриддеги былтыркы теракт 11-мартта жасалган. Испаниянын мураскер ханзаадасы Фелиппе конференциядагы сөзүндө дүйнөнүн бүткүл демократиялык күчтөрүн террордон арылуу үчүн баш кошууга чакырды.

XS
SM
MD
LG