АКШ чет өлкөлөрдөгү өз жарандарын терроризм коркунучуна байланыштуу этият болууга чакырды. Мамдепартаменттин билдиришинче “ал-Каида” уюму Американын чет өлкөлөрдөгү обьектилерине химиялык же биологиялык заттарды жана башка террордук куралдарды пайдаланып, чабуул жасашы ыктымал. Андан тышкары жарандарды уурдап, барымтага алышы мүмкүн.