Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

ЕККУ Кыргызстандагы нааразылык акцияларды жүргүзүүдөгү мыйзамсыз аракеттерди сынга алды


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда соңку мезгилде орун алган айрым аракеттерди сынга алган билдирүүсүн 9-мартта таратты. Анда ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчилиги соңку мезгилдеги жол тосуу, мамлекеттик имараттарды ээлеп алуу сыяктуу көрүнүштөрдү мыйзамсыз аракеттер катары баалаган. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер «Шайлоо жараянынын жүргүзүлүшүндө орун алган кемчиликтер жолдорду тосууга жана өкмөттүк имараттарды ээлөөгө негиз боло албайт», - деп айтты. Ошону менен бирге ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси соңку мезгилде өлкөнүн телеканалдарында агрессивдүү жана адамдын аброюна шек келтирген материалдардын чыгышына карата да тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG