БИШКЕК. Үчүнчү шайланган парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу Конституциянын жана Шайлоо кодексинин нормаларына туура келбейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын айтымында, укуктук мамлекетте мамлекеттик органдарды, ошондой эле кызмат адамдарын шайлоо өлкөнүн башмыйзамына ылайык жүргүзүлөт, анда парламенттин да, президенттин да ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү так белгиленген. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.