Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Жалалабатта президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. Бул күнү Жалалабатта нааразылык акцияга 2 миңден ашуун адам чыкты. Митингтин катышуучулары мамлекеттик маалымат каражаттарынан окуяларды туура чагылдырууну талап кылышып, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн митингчилердин чет элдик уюмдар тарабынан каржыланганын четке кагышты. Митингди уюштуруу штабынан «Азаттыктын» кабарчысына маалымдашкандай, нааразылык акциясынын тамак-ашы үчүн саясий акция башталгандан бери жеке адамдар, базарда соода кылгандар 300 миң сомго кой, азык-түлүк, суусундук, 196 миң сом нак акча беришкен. Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоону, парламенттик азыркы шайлоону президенттик мелдештен кийин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды. Жаштардын «Кел-кел» уюму уюштурган студенттер менен жаштар роза, кызыл жана сары түстүү тасмалар менен Жалалабаттын көчөлөрүнө жүрүш жасап, облустук сыналгынын алдына нааразылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG