Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Британияда террорго каршы күрөш күчөтүлөт


Британия парламентинин Коомчулук палатасы өлкөнүн премьер-министри Тони Блэр сунуш кылган жаңы антитеррордук мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык террордук аракеттерге барган деп шектелгендерди соттун чечимисиз эле үйдө камоо же анын үйүнө уктуруучу аппараттарды орнотуу өңдүү аракеттерге жол берет. Аталган мыйзам долбоорунун оппоненттери “долбоор атуулдук эркиндикти чектей тургандыгын” айтышты. Эми бул документ лорддордун палатасына өткөрүлүп, ал жерде да талкууга коюлушу керек.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG