Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Ливандын парламенти премьер-министрин дайындады


Ливандын парламенти өлкөнүн өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөн Омар Караминин талапкердигин жактырды. Жакында Ливандын баш калаасы Бейрутта өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүп кетишкенден кийин, өткөн жумада Карами жетектеп турган Ливан өкмөтү кызматтан кеткен эле. Оппозициянын оюнда, Хариринин өлүмүнө жоопкерчиликти Сирия жана Ливандын Сирияга ык алган өкмөтү өзүлөрүнө алышы керек. АКШ Дамаскты Ливандын саясаясатына кийлигишкени үчүн дагы бир жолу айыптапды жана тезинен ал жерден аскерлерин алып чыгып кетишин талап кылды.

Ал эми Ливандагы оппозициясынын лидери Валим Жумбулатт Сириянын аскерлерин Ливандан чыгарып кетүү маселесин Москвада орус жетекчилиги менен бүгүн сүйлөшөөрү күтүлүүдө. Ал мындан бир саат мурдараак Москвага келгени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG