Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

БУУ Косово премьеринин чечимин туура деп эсептейт


Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинайдын кызматтан өз эрки менен кетишин жана Эларалык трибуналдын колуна түшүп беришин Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жылуу кабыл алды. Шейшембиде отставкага кеткен Харадинай шаршемби күнү өз ыктыяры менен Гаагага келип, трибуналга колго түшүп берди. Ага тагылган айыптар азырынча кайра карала элек.

Косоводогу 1998-99-жылдардагы аскерий чатак учурунда Харадинай “Косовонун боштондук армиясы” деп аталган козголоңчулар тобун жетектеген. Ал учурда бул топ косоволук албандарга кысым көрсөткөн сербиялык бийлик өкүлдөрүнө каршы аскерий аракеттерди көргөн. Харадинай өзү бул айыптарды мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG