Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Жаңы депутаттар мурдагы депутаттарды айыпташты


БИШКЕК. Депутаттар тобунун президенттик чукул шайлоо өткөрүү, парламенттик шайлоонун тыянагын жараксыз деп табуу жана кош палаталуу парламенттин мөөнөтүн узартуу демилгеси Конституцияга каршы келет. Мындай мазмундагы билдирүү парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында депутаттык мандат алуу укугуна ээ болгон 31 депутаттын жыйырма алтысынын атынан таратылды. Ушундай эле көз карашты «Кабар» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстан элдери ассамблеясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Иса Токоев да билдирди. Алардын белгилегендерине караганда, парламенттик шайлоодо утулган саясатчылар элди бийликке каршы үндөп, бардык мыйзам бузууларды бийликке оодарып жатышат жана ушуну менен коомдо башаламандыкты жаратуу аракетин көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG