Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

20 депутат президентке жана Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөткөн жок


БИШКЕК. Парламенттик талкуунун жыйынтыгы менен депутаттар Кыргызстандын калкына кайрылуу кабыл алышты. Анда депутаттар президентке, Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөөнү сунушташты. Ушуга байланыштуу июль айына президенттик чукул шайлоону, ноябрь айына можаритардык-пропорционалдык тартипте парламенттик шайлоону белгилөөнү президент Аскар Акаевден талап кылышты. Жагдайга байланыштуу кош палаталуу парламенттин ишмердүүлүгүн ноябрь айына чейин узартуу зарыл деп эсептешти. Ал эми Кыргызстандын калкын тынчтыкка, чыдамкайлыкка, тартип коргоо кызматтарын тынч элге каршы курал колдонбоого чакырышты. Кайрылуунун экинчи бөлүгүндө Жогорку Кеңештин имаратынын жабылып, тартип коргоо кызматтары тарабынан кайтарууга алынышы мамлекеттик төңкөрүш катары бааланган. Буга байланыштуу президент Акаевден Конституция кепилдеген парламенттин ишин калыбына келтирүү талап кылынды. Андай болбогон шартта Кыргызстан аймагындагы бийликти толугу менен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын карамагына берүү зарыл, деп айтылат кайрылууда. Кайрылууга Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 20 депутаты кол койгон.

XS
SM
MD
LG