Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Жогорку Кеңештин депутаттары өз иш орундарына киргизилген жок


БИШКЕК. Өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулган Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуздай депутаты 10-мартта өз иш орундарына киргизилген жок.
Жогорку Кеңештин имаратынын бардык эшиктери чоң тактай менен тосулуп, кыдырата тизилген милиция кызматкерлери депутаттардын имарат ичине киришине уруксат беришпеди. Натыйжада өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча парламенттик угуу Жогорку Кеңештин имаратынын жанында ачык асман алдында өткөрүлдү. Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттар эл өкүлдөрүнүн өз иш орундарына киргизилбей калышын мамлекет башчы Аскар Акаевдин көрсөтмөсү менен болуп жаткандыгын айтышып, мындай көрүнүштү «аткаруу бийлигинин Мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн күч менен жасаган төңкөрүшү» деп баалашты. Кыргызстандын Башмыйзамынын 55-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин мурда шайланган депутаттары өз ишмердүүлүгүн жаңы шайланган депутаттардын биринчи отурумуна чейин улантууга укуктуу. Ал эми президенттин жана өкмөттүн маалымат кызмат жетекчилери жогорудагыдай көрүнүш боюнча азырынча маалымат айта албай тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG