Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстанда депутаттар президенттик шайлоону эрте өткөрүүнү талап кылышты


Парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын 20 депутаты 27-февралдагы шайлоодо бийликтердин оппозициячыл талапкерлерди шайлоодон четтетип, шайлоочуларга кысым көрсөтүп, маалымат каражаттарынын ишине кийлигишкенин сынга алышты. Алар өз билдирүүсүндө президенттик шайлоону октябрда эмес, июль айында өткөрүүгө чакырышты. Алар ошондой эле учурдагы парламенттин ноябрь айына чейин иштешин сунуш этишти.

Парламентти полиция курчоого алып, ремонтко шылтоолоп, эч кимди киргизбей жаткандыктан, депутаттар ачык асман алдында жыйын өткөрүүгө мажбур болушту. Мыйзамгерлер тартип коргоочулардын бул аракетин бийликтин бир бутагынын ишин үзгүлтүккө учуратуу деп баалап, аны мамлекеттик төңкөрүшкө теңешти. Алар президент Акаевди конситуциянын сакталышын кепилдөөгө чакырып, болбосо бийликти парламенттин спикерине өткөрүп берүүгө чакырышты. Бүгүн түштүктө бир нече талапкердин шайлоо айлампасынан чыгып калышына каршы митингдерге 3 жерде 1 миңдей киши катышты.

XS
SM
MD
LG