БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев 10-мартта кечки саат тогуз жарымда Улуттук телекорпорация аркылуу кыргыз элине кайрылды. Президент шайлоонун биринчи туру болуп көрбөгөндөй адилеттүү, демократиялык принциптерге ылайык өттү деген оюн айтып, соңку мезгилдери шайлоонун биринчи турунда жеңилип калган же жеңилүүгө көзү жеткен, ошондой эле, мыйзамдуу түрдө шайлоого катыштырылбай калган талапкерлер шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында болуп көрбөгөндөй мыйзамсыз аракеттерге барып жатат деген оюн билдирди. Ошондой эле мамлекет башчы кыргыз өкмөтүнө жана тартип коргоо кызматкерлерине өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү чара көрүүнү тапшыргандыгын коомчулукка эскертти:
- Мен өкмөткө, тартип коргоо органдарына шайлоону тоскоолдуксуз аягына чыгаруу, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, атуулдардын демократиялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн тиешелүү чара көрүүнү тапшырдым.
Аскар Акаев бийликтин башкы максаты шайлоонун экинчи турун адилеттүү өткөрүү экендигин айтып, коомчулукту ага активдүү катышууга үндөдү.